. Бишкек: стрит-арт жана граффити
Бишкек: стрит-арт жана граффити

Бишкек: стрит-арт жана граффити

Бишкекте стрит-арт деген аталыштагы көлөмдүү сүрөттөр пайда болууда. Бийик кабаттуу имараттардын дубалдарына жаңыча көз караштагы сүрөтчүлөр “жан киргизүүдө”.

Бишкекте стрит-арт деген аталыштагы көлөмдүү сүрөттөр пайда болууда. Бийик кабаттуу имараттардын дубалдарына жаңыча көз караштагы сүрөтчүлөр Сергей Келлер, Евгений Мокшаков жана Дмитрий Петловскийлер “жан киргизүүдө”. Алар граффити стилиндеги мындай сүрөттөрдү бишкектиктерге жана балдарга арнап тартышууда. (Руфат Эргешов тарткан сүрөттөр)

Белгилүү сүрөтчү Семён Чуйковдун “Дочь Советской Киргизии” аттуу эмгегине "DOXA" чыгармачыл тобу "экинчи жашоо берип", бул сүрөт №12 мектеп-гимназиянын дубалынан орун алды.

Белгилүү америкалык граффити чебери Габриэль Спектердин эмгеги. Ал Бишкекке келип, кыргыздар менен түндүк америкалык индеецтердин оймо-чиймесин айкалыштырып сүрөт тарткан.

Тогуз кабаттуу үйдүн дубалына тартылып жаткан стрит-арт сүрөт. Аны тартып жаткан чеберлердин айтымында, сүрөттөгү бала бийик үйлөргө суу куюп, аларды "өстүрүп жатат".

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу” повестине Владимир Рогачевдун "Балалык" аттуу сүрөтү.

Көпүрөлөрдө, жер асты өтмөктөрдө, көчөдөгү дубалдарда, коомдук транспорттордо жазылган ар кандай жазууларды, сүрөттөрдү көрбөгөндөр жок чыгар. Мына ушулардын баары граффити болуп саналат.

Айрым адамдар граффитини вандализм катары көрүшүп, көрүнгөн жерге чийип-сызган көчө чаңыткан балдарды элестетишет экен. Бирок дубалдарга сүрөт тарткан райтерлер граффитини заманбап өнөр катары санашат.

Качандыр бир мезгилде пайдубалы түптөлгөн, мезгил өтүп эскирип, боз-ала тарткан шаарыбыздын дубалдарынын жанынан өтүп бара жатып, райтер (writer) же болбосо граффитер деп аталган көчө сүрөтчүсүнө туш болдук. Ал бизди капарына да алган жок, өз ишин кызыгуу менен аткарып, дубалга кезектеги эмгегин жаратып жатыптыр.

Мындай дубал сүрөттөрүн көп эле адамдар көрсө керек. Бир караган кишиге ошол сүрөттөргө "жан тартуулаган" райтер укмуштуудай колдору менен сыйкыр жаратып жаткандай түйүлөт. Ал өз ишин мыкты билгендиктен, дубалдын өлчөмүн гана эске алып, бара-бара бозоргон дубалда кооз сүрөттү жаратып жаткан экен.

Райтер тарта берди, биз да эмнени тартат экен деп ашыгып тура бердик. Аягында эски дубалда агындыда отурган баканын элеси жана "Ханышалар ар кандай болот" деген сөздөр менен коштолуп, бүткөн бир ойду билдирген чыгарма пайда болду. Ары кызыктуу, ары маанайшат сүрөттөр.

Граффити өнөрү искусствобу же жөн эле "бардакпы" деген суроону ар ким өзүнө берип көрсө керек. Бул башкатырманын тегерегинде Кыргызстанда эле эмес, дүйнөдө көптөн бери талаш-тартыш жүрүп келатат.

Граффитини жаңы баштагандар өздөрүнүн чыгармачыл ойлорун ишке ашыруу үчүн граффитини курал катары пайдаланышат.

Граффити бир гана сүрөт тартуу жана өзүн таанытуу эмес, бул- коомчулук менен баарлашуунун ар тараптуу каражаты. Граффити чебердин хоббиси гана эмес, жашоо образы да болуп берет.

Тилекке каршы көпчүлүк адамдар граффитер дегенде эле боек уурдап сүрөт тарткан көчө шумпайларын элестетишет экен. А чындыгында андай эмес. Бүгүнкү күндө граффити жөн гана маданият эмес, заманбап жана көптөгөн багыттарды камтыган бүтүндөй бир индустрия болуп калды.

Граффитиде орточо сүрөт деген түшүнүк жок. Анткени ар бир сүрөт өзгөчө жана кайталангыс.

Ошентсе да граффити кимдир бирөөлөр үчүн вандализмдин бир бөлүгү катары кала берүүдө. Учурда мектеп дааратканаларындагы ручка, маркер менен жазылган жазуулар, дубалдарда, керек болсо коомдук жайлардагы чийилген жазуулардын баардыгы вандализм болуп эсептелет.

Сүрөт тартуучу жайларды дыкаттык менен тандоого туура келет. Себеби, профессионалдуу граффити чебери бир гана мыйзамдуу граффитини туура көрөт.

Бул түркүн түстүү сүрөттөр менен көчөдөгү жазылган жазуулардын ортосунда эч кандай окшоштук жок. Бирок экөөнүн тең аталышы граффити.

Акыркы мезгилде бул заманбап искусство эл ичинде кеңири жайылып бара жатат. Кээде дубал ээлери граффити чеберлерине чалып, үйлөрүнүн жана жеке менчик дубалдарынын көрүнүшүн өзгөртүп берүүсүн суранышат.

Кыргызстанда граффити 90-жылдардын аягында пайда болгон. Учурда негизинен Чүй облусу жана Бишкек шаары менен чектелет. Туруктуу сүрөт тарткан жана чын эле өнүгүүгө аракет кылган көчө сүрөтчүлөрү саналуу гана.

Жергиликтүү элдер граффитини ар кандай кабыл алат, көпчүлүгү жакшы кабыл алып, жылуу сөздөрүн айтып кетишет, кээде аны менен сүрөткө да түшө коюшат.

Сүрөт тартуу үчүн дубалдан да башка жер тапса болот. Кенен фанераларга, стенддер жана башка нерселерге тартса болот. Бирок чыныгы граффитинин орду - көчө дубалы.

Европада граффити боюнча эки түрдүү көз-караш бар: биринчиси, бардык чоң шаарлардагы көчө чаңыткандардын граффити менен "оорусу" бар, аны тартпаса туралбайт, мыйзамсыз жерге деле тартып качып кетишет.

Экинчиси, галереяда эң көп талап кылынуучу заманбап искусство. Бул мыйзам чегинде жүзөгө ашат.

© 2022 BBC. Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес. Башка интернет сайттардын мазмуну боюнча биздин позиция.

📎📎📎📎📎📎📎📎📎📎