«Боор оорулары жаралбашы үчүн туура тамактанып, өз алдынча дары ичпөө керек»
- Боордун адамдын организминдеги негизги функциясы организмди тазалоо болуп эсептелет. Эгерде боордун иштөө функциясы бузулса, анда ар бир адам үчүн коркунуч туулат. Боордун организмдеги негизги кызматы канды тазалоо, андан сырткары кан менен кошо андагы зыяндуу заттардын (уу, бактерия, вирус жана башка) баарын өзү аркылуу өткөрүп, аларды зыянсыздандырат. Эгерде мындай заттар организмге тамак-аш, дары-дармек аркылуу көбүрөөк кирип кетсе, боор аларды зыянсыздандырууга алы жетпей калат. Зыяндуу заттар боордо топтоло баштайт да, боор акырындап дартка чалдыгат. Бара-бара боор канды тазалай албай калып, кан курамындагы уулуу заттар башка органдарды дартка чалдыктырууга өтөт. Ошондуктан боор ооруса башка органдар да ооруга чалдыгышы мүмкүн. Боор оорулары жаралбашы үчүн туура тамактанып, өз алдынча дары ичпөө керек.
«Вирустук гепатиттин 7 түрү бар»
-Учурда вирустук гепатиттин 7 түрү бар. Алар А,Е, B , C , D , G , F деген түрлөргө бөлүнөт.
• А түрү - Боткин оорусу - сарык деп аталат. Сарык оорусу гепатиттин түрлөрүнүн эӊ жеӊили. Гепатиттин бул түрү тамак-аш, буюмдар, сүлгү, оюнчук жана башкалар аркылуу жугат. Аталган буюмдарга оорулуу адамдан вирус түшүп калса, ал буюмдарды соо адам колдонсо гепатит жугуп калуу коркунучу бар. Бул оорунун белгилери: дене табы көтөрүлөт, аз-аздан жөтөлүү, мурундун бүтүшү, тамакка табиттин жоголушу, көӊүл айлануу, кусуу, ичтин оорушу жана заӊдын агарып кетүүсү. Андан сырткары боор менен көк боор чоӊоюп кетет. Оору белгилери билингенден тарта бир жума ичинде дене саргайып кетет. Башкача айтканда, көздүн тегереги, тилдин асты, таӊдай саргайып калат. Саргаюунун белгилери 1 же 2 апта туруп анан жоголот. Негизинен гепатиттин А түрү 3 түрлүү өтүшү мүмкүн. Алар - гепатиттин белгилери аз билинген түрү, саргаюу күтүлбөгөн түрү, белгиси жок, саргаюу да жок түрү. Гепатиттин А түрүндө диагноз коюу кыйынчылыкты жаратат. Бул жугуштуу инфекциялык оору катары эсептелинет.
• Гепатиттин Е түрү болсо суу, тамак-аш, оорулуунун буюмдары аркылуу жугат. Суу менен жукканы көбүнчө суу түтүктөрү жок болуп, арыктан, каналдан суу ичкен айылдарда кезигет. Бул гепатиттин белгилери гепатиттин А түрүнө окшош, бирок кош бойлуу аялдарга гепатиттин бул түрү коркунуч алып келет. Анткени оорунун вирусу бойдон түшүүгө, кандын токтобой калышына алып келет. Бул вирус кош бойлуу аялды каза болушуна чейин алып келүү коркунучу бар.
• Гепатиттин B түрү жыныстык катнаш жана кан аркылуу жугат. Эгер кош бойлуу аял гепатиттин ушул түрүнө чалдыгып калса, энеден түйүлдүккө өтүшү мүмкүн. Кан аркылуу көбүнчө баӊгилер аркылуу булганган ийне (шприцтер) аркылуу, стоматологияда тиш жулдуруу учурунда булганган аспаптардан жугат. Гепатиттин бул түрүнүн белгилери: дене табы жогорулайт, адам шалдырап көӊүлү айланып кускусу келет. Кээ бир учурда майда бүдүрлөр чыгышы мүмкүн. Боор, көк боор чоӊоет. Заӊдын түсү агарат, дене саргаят. Гепатиттин А түрүндө саргаюу болгон соӊ оору жеӊилдесе, бул түрүндө адамдын абалы оӊолбойт. Боор чоӊое берип, адам 1-2 айга чейин ооруйт.
• Гепатиттин C түрү болсо, көбүнчө баӊгилер, гомосексуалдар арасында көп кезигет. Андан сырткары кан аркылуу жугат. Баӊгилерден ийне (шприц) аркылуу тарайт. Энеден түйүлдүккө да өтөт. Бул оорунун белгилери гепатиттин B түрүнө дээрлик окшош. Убагында дарылабаса вирус жуктуруп алгандардын 70-80 пайызында оору өнөкөткө айланып, циррозго жана боордун рагына айланып кетүүсү мүмкүн.
• D түрү - бул өз алдынча оору катары эсептелбейт. Сөзсүз түрдө гепатиттин B түрүн коштоп жүрөт. Негизи B гепатити менен ооругандарга гепатиттин D түрү да жабышат. Бул вирустун жугуу жолдору B гепатитине окшош. Айырмасы саргаюунун белгилери пайда болуп жоголушу менен кайрадан эле дене саргая берет. Башкача айтканда адам айыгып баратып, оору кайрадан кайталанышы мүмкүн. Бул оорунун айынан адам комага түшүп да калат.
• G түрү болсо, жугуу жолдору, B , C гепатитине окшош. Бирок С түрүндөй оор эмес.
•Гепатиттин F түрү, өтө аз изилденген, бирок белгилери А түрүнө окшош.
Эгерде жогоруда айтылган оорунун белгилери байкалса тез арада ооруканага кайрылуу зарыл. Антпесе, бул вирустар адам өмүрүнө коркунуч жаратат. Бул ооруларды дарылоо үчүн оорулуунун абалын текшерип, кан тапшыртып, ультра үн менен изилдөө (УЗИ) жасап, андан соӊ дарылай баштайбыз.
«Алкоголь ичимдиктери боорго чоӊ зыян алып келет»
-Алкоголдук ичимдиктерди көп колдонуу адамдын бооруна чоӊ зыян алып келет. Алкоголдук ичимдиктерди көп пайдалануу боордун клеткаларында майлардын чогулуусуна алып келет. Клеткалар өз функциясын аткарбай, акыр аягы клетка өлүмгө учурайт. Акыры бул адамдын өлүмүнө алып келет.
«Bетеринардык көзөмөлдү күчөтүү керек»
-Учурда Кыргызстанда сарык оорусу, боордун циррозу сыяктуу оорулардан сырткары боордун мите курт оорулары менен ооруган жарандар да көп. Адатта бул оору ит, мышык, келемиш сыяктуу жаныбарлардын оорусу эсептелчү. Булардын заӊы аркылуу чыккан боордун мите курту адатта кой, эчки сыяктуу малдарга өтчү. Азыр болсо адам баласынын боорунан эхинококкоз жана альвеококкту кезиктирүүгө болот. Бул ооруларды болтурбоо үчүн ветеринардык көзөмөлдү күчөтүп, жыл сайын мезгил-мезгил менен ит, мышыктарга боордун мите куртуна каршы дары берип туруу зарыл. Ошондо гана бул оорулар азайышы мүмкүн.
«Канча кишинин боорунда жаныбарлардан жуккан мите курт оорусу бар экендиги белгисиз»
-Негизинен альвеококк курту боорду жеп салат. Муну алдын алуу үчүн жыл сайын дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп туруу зарыл. Ар бир адам баласы ички органдарды жылына жок дегенде бир жолу ультра үн аппарат менен текшертүү керек. Эгерде оорулуу убагында дарыгерге кайрылса, анда ал адамды сактап калуу мүмкүнчүлүгү болот. Бул оорунун белгилери анча билинбейт. Боор бир аз гана ооруйт. Бирок ар кандай аллергиялык реакциялар болот. Өтө деле байкалган белгиси болбойт. Андыктан ар бир адам бир жылда 1 жолу текшерилип туруусу зарыл. Бул ооруну болтурбоо ар бир адамдын өзүнө байланыштуу. Анткени, мындай коркунучтуу курттарды боорго болтурбоо үчүн жеке тазалыкты сактап, малды, ит, мышыкты кармагандан кийин колду самындап жууш керек. Кыргызстанда азыркы кезде канча кишинин боорунда жаныбарлардан жуккан мите курт оорусу бар экендиги белгисиз. Ошондуктан ар бир адам өз ден соолугу үчүн күрөшүп ар убак тазалыкты сакташ керек.
«Көчөдө сатылган тамак-аштарды жебегиле»
-Ооруну жугузуп албоо үчүн көчөдө сатылган тамак-аштарды сатып жебөө керек. Ит, мышыктарды кармаган соӊ сөзсүз колду самындап жууш керек. Бирөөнүн сүлгүсүн, тиш щеткасын колдонгонго болбойт. Ар бир ата-эне балдарына жеке гигиенаны туура сактаганды үйрөтүшү зарыл.